Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров, Мамлекет башчысынын Аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге ишембилик өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров, Мамлекет башчысынын Аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге ишембилик өткөрдү

Президент Садыр Жапаров, Мамлекет башчысынын Аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембилик өткөрдү. Ишембиликтин катышуучулары сейил бакка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, аймагын тазалап, көрктөндүрүштү. Садыр Жапаров Президенттин Аппаратынын кызматкерлери менен баарлашып, өлкөдөгү болуп жаткан коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга токтолду. Ал жергиликтүү кеңештердеги же өлкө парламентинин депутаттарын шайлоо процесстери болсун, таза жана ачык шайлоону өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Садыр Жапаров бийликтин алмашуусуна алып келген эгемендик мезгилиндеги элдик толкундоолордун үчөө тең адилетсиз шайлоого нааразычылыктан улам болгонун эскерди. Мамлекет башчысы шайлоону калыс жана таза өткөрүү - бул мамлекетте тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги экендигин баса белгиледи.