Жаңылыктар
Тундук-туштук алтернативалык жолдунун 70 километр тилкесинин бугунку абалы жергиликтуу тургундардын конулуно кок таштай тийип бутту
Кыргызстан жаңылыктары
Тундук-туштук алтернативалык жолдунун 70 километр тилкесинин бугунку абалы жергиликтуу тургундардын конулуно кок таштай тийип бутту

Жаз келгенде жер коктоп, айлана кооздукка болонуп калат эмеспи. Бирок, жаздын келиши кооздук менен гана чектелбейт. Анткени кыш узап, кар ээригенде кышы менен билинбей, талкаланып келген жолдордун абалы ачыкка чыгып, конул оорутат. Маселен, Тундук-туштук алтернативалык жолдунун 70 километр тилкесинин бугунку абалы жергиликтуу тургундардын конулуно кок таштай тийип бутту. Бул тилкенин курулушун оз учурунда италиялык “Тоодини” жол куруучу компаниясы тендерден утуп алды болуп, ишке киришкен.


Бул жол компаниясы 3 жылдан ашуун элдин ишенимин тебелеп, элден техника чогултуп, ашар жолу менен жол салып баштаган. Алардын мындай жоругун коруп, “Ээ дегенде эле ээрге кыйшык отурду” деп жергиликтуу элдер оз баасын берип коюшкан эле. Ушул уч жылдын аралагында жолдун 70 пайызын бутуруп салдык деп отчет беришкен италиялыктардын ишмердигин текшере келгенде 9 гана пайыз иштин буткондугу анык болду. Кырдаалдын мындай озгоруп кетишин азырынча адистер иликтеп жатышат. Премьер-министр Улугбек Марипов кырдаалды жеринде барып коруп, жергиликтуу тургандар менен маселени чогуу талкуулап, тийиштуу министрликтердин жетекчилерине чечкиндуу чараларды коруусун милдеттендирди.

Айта кетчу нерсе, алтернативалык жолдун бул тилкеси быйылкы жазда ондоло турган жалгыз жол эмес. Республиканын аймагында кыштан эптеп чыккан жол тилкелери жетиштуу. Айрым жерлери женил гана ремонт иштерин талап кылса, айрымдары бир топ каражаттарды талап кылган ондоо иштерин кутуудо.