Жаңылыктар
Кыргыз-озбек мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча суйлошуулор аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-озбек мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча суйлошуулор аяктады

Кыргыз-озбек мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча суйлошуулор аяктады. Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Кызматынын торагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди. 26-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алды. Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.



Анын берген маалыматы боюнча эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту. Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен тактоо жол-жобосунан өттү. Камчыбек Ташиев ушуну менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында талаштуу тилкелер болбойт, деп жыйынтыктады.



Президент Садыр Жапаров бул кадам эки тараптуу кыргыз-өзбек мамилелеринде тарыхый мааниге ээ экенин жана буга чейин орун алып келген айрым чек ара чыр-чатактарына чекит коюла турганын канааттануу менен кабыл алганын айтты. Ошондой эле, Мамлекет башчысы эки элдин көптөн берки тилеги бүгүнкү күндө реалдуулукка айланып баратканын жана бул багытта башка коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилед.