Жаңылыктар
Баш мыйзам - туруктуулуктун кепилдиги
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзам - туруктуулуктун кепилдиги



Венециялык комиссия жана айрым эл аралык уюмдар Кыргыз республикасынын жаны Конституциясынын долбоорунда адам укуктарын коргоо боюнча талаптар жетиштуу денгээлде каралган эмес жана айрым беренелер эл аралык стандарттарга ылайык келбейт деген сыяктуу пикирлерин айта башташты. 11-апрель, шайлоо жана референдум куну жакындаган сайын мындай пикирлерге жергиликтуу оппоненттер да кошула калууда.




Тилекке каршы, Венеция комиссиясынын мучолору олконун Баш мыйзамына ылайык Кыргызстанда бир гана ЭЛ - бийликтин жалгыз булагы болуп саналаарын эске албагандыктары окунучтуу. Эл аралык уюмдар оздорунун укуктук чегинен аша чаап, эгемендуу олконун ички иштерине кийлигишууну курал кылып алганы Эл аралык бир катар келишимдерге каршы келээрин эске алса туура болоор эле, дейт саясий серепчилер.




Байкап корсок, эл аралык комиссиясынын корсотмолору жаны долбоордогу адам укуктарына тиешелуу болгон беренелер гана эмес, олкодогу башкаруу тартибин озгортууго байланыштуу киргизилген айрым беренелерге да тескери баа беришуудо. Адистердин айтымында, мындай кадамдын тупку мааниси Кыргызстандагы журуп жаткан реформага, жаныланууга каршы келээрин билдирет. Демек, эл аралык комиссия кыргыз элинин 5-6-октябрдагы койгон талаптарынын аткарылышына, 10-январда референдумда добуш берип, президенттик башкаруу тартибин тандаганына каршы тургандыгын айгинелейт. Деги эле, Венециялык комиссия Кыргызстандагы Конституциянын улам бир жаны долбооруна оз баасын берип келип, улам кийинкисин жактырып, озунун эле мурунку пикирине карама-каршы келип отуруп, ишеничтен кеткендей эле болуп калды окшойт.




Ал эми, аймактарда жаны Конституциянын долбоорун талкуулап, тушундуруу иштери кызуу журуп жатат. Активисттер айылдык чогулуштарда, мекемелерде долбоордун беренелери боюнча суроо-жооп тартибиндеги иш-чараларды откоруп, жаны Конституциянын артыкчылыктарын элге жеткируу багытында иштешуудо. Башкы максат - 11-апрелде шайлоочулар добуш беруудон четте калбай, активдуу катышып беруусундо жатат. Конституцияны колдоо маселесине келгенде, эксперттердин пикиринде, эл 10-январдагы референдумда жасаган тандоосун дагы бир ирет колдоп бериши гана керек. Бирок, ал маселе ыктыярдуу маселе. Ар бир шайлоочу оз добушуна озу гана ээ болушу эн башкы талап.