Кыргызстанда бир суткада коронавирус 146 адамдан табылып, битр киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, Бишкекте – 101, Ош – 1, Чүй облусунда – 34, Ош облсу – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2 кишиден илдет табылган. Ал эми бир сутка ичинде 63 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 528 бейтап, амбулатордук түрдө 520 адам дарыланууда. Сайтта көрсөтүлгөндөй, бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 92 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 600 киши айыгып чыкса, 1 миң 495 адам каза болду.