Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров олконун бир катар каржы институттарынын жетекчилерин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров олконун бир катар каржы институттарынын жетекчилерин кабыл алды

Ушул жумада Президент Садыр Жапаров олконун бир катар каржы институттарынын жетекчилерин кабыл алды. Алар Башкармалыгынын торагалары Улан Букабаев, Азизбек Оморкулов жана Малик Абакировдун жетекчилигиндеги «Айыл Банк», «РСК Банк» жана «Кепилдик Фондусу». Белгилуу болгондой дуйнолук экономикалык кризиске алып келген 2020-жылдагы пандемиянын убагында олкобуздогу тузулгон социалдык- экономикалык оор абалга карабастан республиканын банк тармагы озунун ишкердуу демин томондоткон жок. Каржы-насыя тармагында туруктуу абал сакталып келди. Бул багытта мамлекет башчысы да оз пикирин билдирди.



Олконун Банк тармагы, эксперттердин айтымында, жалпы дуйнолук финансылык туруксуздуктун шартында озунун эмнеге жондомдуу экендигин толук корсото алды. Мисалы, 2020-жылы «РСК Банк» жалпысынан 11,6 миллиард сомду тузгон 10 мин 601 насыя берген. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 37, 9 пайызды тузот же тагыраак айтканда 3,2 миллиард сомго көп. Анын ичинен аймактарда берилген насыялар жалпы кредиттердин 86,8 пайызын түзгөн. Ал эми, 2020-жылы «Кепилдик фонду» тарабынан 1 миллиард сомдон ашык суммага 1мин 865 кепилдик берилген. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 11.1 пайызга коп , же 101 миллион сомду тузгон. Берилген кепилдиктердин саны 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп болгон. Каржылоонун көпчүлүгү айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорго жумшалган.



Президент Садыр Жапаров каржы институттарынын башчыларына кайрылып, кепилдиктердин көпчүлүгү өлкөнүн аймактарындагы экспортко багытталган ишканаларды жана класстердик долбоорлорду колдоого багытталышы керектигин айтты. Мамлекет башчынын пикиринде экономиканын реалдуу тармактарына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ошону менен катар кредиттик ресурстарды бардык аймактарда тең салмактуу бөлүштүрүүнүн маанисин баса белгиледи. Олко башчысы 2021-жылдын 8-февралында кол коюлган «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында финансы рыногун өнүктүрүүнүн жана санариптештирүү процессин тездетүүнү да баса белгиледи. Мындай жагдай жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүго, банк тармагындагы санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүго ынгайлуу жагдай тузушу зарыл.