Бишкекте “Экономиканы өнүктүрүү, соода, өнөр жай, айыл чарбасын илгерилетүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу” темасындагы тегерек стол откорулду. Тегерек столдун катышуучуларынын пикиринде ишкерлик багыттагы максаттардын ишке ашырылышы мамлекеттин кун тартибинде турат жана бул маселелердин чечилишинде сезилээрлик кыймыл аракеттер байкалууда. «Мурда болгон кыйынчылыктар азыр коз коруно азая баштады»,- деген ойду Кыргызстандын балык чарба ассоциациясынын жетекчиси Олег Досаев билдирди.
Ишкерликти онуктуруу учун өндүрүштү кенейтуу зарыл. Бирок, бугунку кундо мамлекеттик казына, жалпы олконун каржы ресурстары мындай ири коломдуу долбоорлорду ишке ашыруусу оной эмес. Демек, ал үчүн эл аралык инвестицияларды тартуу керек. Ал эми жагымдуу инвестициялык климаттын тузулушу үчүн өлкөдө экономикалык жана саясий стабилдүүлүктун орун алышы башкы талап. Бизнес үчүн бул маселе ото маанилүү.
Жыл башынан бери Президент Садыр Жапаров кол койгон бир катар жарлыктарынын башкы максаты, тупку мааниси дал ушул маселелердин чечилишине багытталган. Эн оболу бул жарлыктар ишкерлерди, алардын аракеттерин мамлекеттик органдардын негизсиз текшеруулорунон, коррупциялык тоноо схемаларынан коргоп, бизнести колдоо жана аны онуктуруу максаттарын коздойт. Тегерек столдун катышуучулары текшеруулорго каршы эмес экендиктерин айтышууда. Мындай текшеруулор негиздуу жана мыйзамга ылайык болсо туура болот. Мисалы, окмоттун экономикалык кылмыштуулукка каршы курошуу мамлекеттик кызматын жоюу жонундогу чечимин ишкерлер бизнестин онугуусуно колдоо катары корулгон чон жана маанилуу кадам катару карашууда.