Өлкөдө ундун чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жогорку сорттогу ундун баасы орточо эсеп менен 48 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 13,2 пайызга өскөн. Ал эми биринчи сорттогу буудай ундун баасы өткөн жылга салыштырмалуу 38,97 сомду түздү же 10,8 пайызга өстү.
Мисалы, жогорку сорттогу ундун максималдуу чекене баасына толтолсок, Ошто бир кг ун 62 сом, Ноокатта 57 сом, Балыкчыда 56 сом, ал эми минималдуу бааларга көз салсак, Кербенде ундун бир килограммы 41 сом, Өзгөндө 43 сом, Токтогулда болсо 45 сомду түзөт.