Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш боюнча токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматын угат.
Комитет жыйынына баяндамачы катары вице-премьер-министри Артем Новиков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков чакырылган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы 6 145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам киргизилген карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктун көрсөткүчү 62 пайызга өскөн.
2020-жылы 24-декабрда Жогорку Кеңеш “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” токтом чыгарган.