Жаңылыктар
Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу боюнча 10 маалымат учурда текшерилүүдө
Шайлоо 2023
Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу боюнча 10 маалымат учурда текшерилүүдө

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө түшкөн 10 маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. 

Милиция текшерүүнүн жыйынтыгында кабарланган маалыматтар аныкталса шайлоо мыйзамдарына ылайык тийиштүү тараптар жоопкерчиликке тартылаарын билдирди. Ош шаардык милициясы шайлоодогу үгүт компаниясы тиешеси бар бардык тараптарды мыйзам сактоого чакырат.

Шаар тургундарын мыйзам бузуулар жөнүндө кабарларды 03222-4-82-82 телефон номерине кабарлоону өтүнөт. Учурда милицияда атайын топ түзүлүп, алар шайлоого байланыштуу ыкчам иш чараларды жүргүзүүдө. 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган.