Жаңылыктар
Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны былтыр 707 миң адамды түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны былтыр 707 миң адамды түздү

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны былтыр 707 миң адамды түздү. Аларга жалпы 31 млрд. сомдон ашык насыя берилди. 2019-жылы 624 миң адамга 30 млрд. сомдон ашык насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 

2020-жылы микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6% - айыл чарбасына, 28,2% - керектөөгө, 10,4% - соода жана кызмат көрсөтүүгө, 8,1% - курулушка берилген. 

2018-жылдагы Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана каттоодон өткөн.