Октябрь окуясы учурунда көзүнөн жаракат алган үч мекендешибиз операция жасатуу үчүн Москвага барды. Алар Россиянын ири клиникаларынын биринде дарыланат.
35 жаштагы Талант Бейшеев 2020-жылдын октябрь окуяларында жапа чеккен. Митингчилерди таркатуу учурунда желим ок анын оң көзүнө тийген. Ал 4-шаардык ооруканага жеткирилип, бир күндөн кийин жабырлануучуга операция жасалган. Бишкектик дарыгерлер агып калган көзүн толугу менен алып салган. Бирок, томографиядан кийин көз чанагында бөтөн нерсе калып калганы аныкталган.