Жаңылыктар
Артем Новиков: Чектөөлөр кирбейт, бирок санитардык коопсуздук чаралары күчөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Артем Новиков: Чектөөлөр кирбейт, бирок санитардык коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди. 

Мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалдын деңгээлинен көз каранды түрдө кабыл алынат.

Ал белгилегендей, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясынын өсүү ыктымалдыгына жараша медициналык мекемелердин даярдыгын үзгүлтүксүз негизде мониторингдөөсү зарыл. Ал менчиктен көз карандысыз түрдө, бардык мекемелерде, жабык жайларда милдеттүү түрдө беткап режими сакталышы тийиштигин белгиледи.

«Биз жарандарды дары-дармек, орундар, медициналык адистер менен камсыздайбыз, бирок ар бир жаран аң-сезимдүү мамиле жасап, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыздашы керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.