Бүгүн, 29-мартта коронавируска каршы эмдөө башталды. Эмдөөдөн биринчи болуп Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өттү.
Бир жума ичинде медицина кызматкерлери, чек арада иштеген аскер адамдары эмдөөдөн өтөт. Андан кийин 65 жашка чейинки жарандап, өнөкөт оорусу барлар эмделет. Соңунда башка категориядагы жарандарга вакцина сайылат. Эмдөө милдеттүү эмес, каалоосуна жараша жасалат. 18 жашка чейинки жарандар эмдөөдөн өткөрүлбөйт. Коронавируска каршы эмделген жаран 3 күн медициналык кызматкердин көзөмөлүндө болот. Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, эмдөөнүн биринчи этабы Бишкекте, Ош шаарында, Сокулук жана Кант шаарында жүргүзүлөт.
Эске салсак, Кытайдан SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Алгач жаран вакцинанын 1-дозасын, 2-дозасын качан алары тууралуу жазылган форма берилет. Анда кайсы вакцина аларын, анын таасири жөнүндө маалымат камтылган. Маалымдоо формасына кол койгондон кийин сурамжылоо баракчасы толтурулат. Эмделген адамга карточка берилет. Карточкада вакцина алган адам тууралуу маалымат жазылат. Аягында байкоо бөлмөсүндө 30 мүнөт отуруп турат. Ошондой эле 3 күн катары менен жарандын абалы көзөмөлдө болот.