Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети жакында иштеп баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети жакында иштеп баштайт

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети 2021-жылдын 1-апрелинен тарта иштей баштайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, "Каркыра" бекети казак тараптын демилгеси менен ачылат. 

Аталган бекет эртең менен саат 8ден кечки 6га чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт. Белгилей кетчү нерсе, Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

Эскерте кетсек, "Каркыра" өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт. Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, "Каркыра" көп тараптуу, автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап "Каркыра" көзөмөл-өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн.