Жаңылыктар
Бишкекте салтка айланган Франкофония жумалыгы өттү
Туризм
Бишкекте салтка айланган Франкофония жумалыгы өттү

Бишкекте салтка айланган Франкофония жумалыгы өттү. Француз тилин жайылтууга арналган иш-чараны Франция, Швейцария элчиликтери менен биргеликте, Бишкектеги Француз Альянсы уюштурду. 

Жумалык коронавирус пандемиясына байланыштуу 23-марттан 28-мартка чейин онлайн ыргагында өтүп, ага ондогон улан кыздар катышты. Сынактын жеңүүчүлөрү Инстаграм тиркемеси аркылуу аныкталып, аларды сыйлоо аземи Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында болуп өттү. 

Кошумчалай кетсек, жыл сайын француз тилдүү өлкөлөрдө Франкофония жумалыгы март айында өткөрүлүп келет.