Россия Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, ал Россиянын саламаттык сактоо министри менен жолукканда вакцинаны алуу маселесин козгогон, кесиптеши бул маселе президенттердин деңгээлинде чечиле турганын айткан.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барганда Россия Кыргызстанга 500 миң доза Спутник V вакцинасын берүүгө макул болгон. Ал май айында келет.