Жаңылыктар
Республикалык айтыш боюнча сынакта баш байгени Идирис Айтбаев алды
Маданият
Республикалык айтыш боюнча сынакта баш байгени Идирис Айтбаев алды

Бишкекте өткөн республикалык айтыш боюнча сынакта баш байгени Идирис Айтбаев, ал эми биринчи орунду Баян Акматов алды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду кабарлады. 

Аталган фонддун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган айтыш 28-мартта, Улуттук филармонияда өттү. Айтыштын финалына чыккан Акматбек Султан уулу экинчи орунду, ал эми Тынчтык Эсенбай уулу үчүнчү орунду ээлеген. 

Байге фонду миллион сом болгон айтышка жалпысынан 12 акын катышкан. Тандоо турунда 42 акын өнөрүн көрсөткөн.