Өздөрүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катары тааныштырып, пара талап кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, эки адам Сокулук районунун тургунунан 5 миң доллар талап кылышкан. Шектүүлөр 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Алар буга чейин да арыз жазган адамдан 190 миң сом жана 1 миң доллар алган.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта тиешелүү ыкчам-тергөө чаралары жүрүп жатат.