Бишкек - Ош унаа жолунун 431-432-чакырымдарындагы бөлүгүнө катуу жааган жамгырдын кесепетинен кум, шагыл түшүп, жол жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине 7 куткаруучу, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 манипулятор, 3 кызматкер тартылган. Кошумча 15 куткаруучу барды. Бул унаа жолунун 390унчу жана 451 - чакырымдарында посттор уюштурулган. Министрликтен кошумчалашкандай, саат 10:30да унаа жол бир тараптуу ачылган. Таш кулоодон жабыркагандар жок.