Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын өттү

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктарынын бааларын төмөндөтүү маселеси Жалал-Абад облусунда өткөн координациялык кеңешменин отурумунда талкууланды. 

Бул багытта натыйжалуу аракеттерди көрүү боюнча, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев тийиштүү кызматтарга тапшырма берди. Баалардын өсүшүнө азыктардын басымдуу бөлүгү сырттан импорттолуп жатканы себеп болууда.

Мындан улам облус башчысы бааны төмөндөтүү үчүн күн карама жана башка айыл чарба азыктарынын айдоо аянттарын кеңейтүү керектигин, бул үчүн айыл чарба кооперативдери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалдан чыгуу жолдорун аныктоону милдеттендирди. Бул багытта натыйжалуу иш алып барууну жергиликтүү бийлик жетекчилерине да тапшырды.