Таласта райондук администрация башчылары жана алардын орун басарлары аттестациядан өтүүдө. Ал өкмөттүн "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө" токтомунун негизинде ишке ашууда.
Компьютердик тесттен тиешелүү упай топтогон адистер, сынактын экинчи бөлүгү - маектешүүгө кирет. Аттестацияга Бакай-Ата районунун акими жазган өз арызынын негизинде катышкан жок.