Жаңылыктар
Пара талап кылуу фактысы боюнча Ноокен райондук ИИБ тергөөчүсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Пара талап кылуу фактысы боюнча Ноокен райондук ИИБ тергөөчүсү кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Маасы айылынан майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга, анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү боюнча арыз ээсинен 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен, Ноокен районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны «Р. у. И.» жана  «Э.К.» аттуу жаран кармалды. 

УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча Коррупцияга каршы кызматы жана ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө 27-март күнү кармалган милициянын капитаны «Р. у. И.» жана «Э.К.» КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлдү. Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.