Жаңылыктар
Түркияда мамлекеттик мекемелер катуу текшерүүгө алынды
Дүйнө
Түркияда мамлекеттик мекемелер катуу текшерүүгө алынды

Түркиядагы 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин бир топ мамлекеттик мекемелер сыяктуу эле, премьер-министрликте да кеңири масштабдуу операция башталды. Анда 230 репортер, 19 адис, 6 кеңешчи жана 2 укук кеңешчиси болуп бардыгы 257 кызматкер кызматынан четтетилип, документтери конфискацияланды.

 

Энергетика базарын жөнгө салуу мекемесинде дагы 25 кызматкер кызматынан четтетилди. Буга кошумча Улуттук билим берүү министрлигинде 15 миңден ашуун кызматкер кызматынан алынды. Ошондой эле, министрлик айрыкча жеке менчик мекемелерде кызмат кылган 21 миң мугалимдин лицензиясын да жойду. 

Жалпысынан төңкөрүш аракетинен кийин министрликтин 36 200 кызматкери жана мугалими кызматтан четтетилди. Жогорку билим берүү кеңеши болсо, мамлекеттик жана фонддук университеттерде 1 миң 577 деканды кызматтан кетүү арызын берүүгө чакырды. Ички иштер министрлигине жүргүзүлгөн операцияда болсо, 8777 кызматкер кызматынан алынган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118