Россиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттамдар ачылат. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз тарап "Норд Винт" авиакомпаниясы менен чертердик каттамдарды уюштурууга макулдашкан. Жаңы авиакаттамдар Казань — Бишкек — Казань, Нижний Новгород — Бишкек — Нижний Новгород, Самара — Бишкек — Самара, Пермь — Бишкек — Пермь багыттары боюнча аткарылат.
Авиакомпания аталган шаарларга жумасына бир жолудан каттам уюштурат.