Тез жардам унааларын сатып алууда Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке дээрлик 19 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Көзөмөл орган текшерүү жүргүзгөн учурда Ислам өнүктүрүү банкынан насыя катары бөлүнгөн каражаттын эсебинен тез жардам кызматына унаалар мыйзам бузуу менен сатып алынгандыгы аныкталган. 2020-жылдын 21-сентябрына карата «Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишимдер жок болгондугуна карабастан, министрлик аталган долбоордун келишимдердин алкагында деп 66 даана тез жардам унаасынын ар бирин 2 млн 924 миң 267 сомдон сатып алуу жөнүндөгү негизсиз протоколдук чечим кабыл алган.
Унаалар Россияда чыгарылганын, ал жакта орус акчасы «рубль» колдонулганын эске албастан, доллар менен эсептелген жана натыйжада ар бир унаанын баасы 94 миң 232 сомго жогорулаган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.