Жаңылыктар
ИИМ үгүт ишине байланыштуу 55 маалыматты текшерүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ үгүт ишине байланыштуу 55 маалыматты текшерүүдө

Ички иштер министрлиги 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча үгүт иштерине байланыштуу 55 маалыматты каттады. 

Анын он экиси кылмыш иши, он үчү жоруктар. ИИМдин басма сөз кызматы тараткан расмий кабарга ылайык, бул маалыматтар 13-марттан 27-мартка чейинки убакта катталган. Министрлик үгүт учурунда жана шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аймактардагы башкармалыктардын жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөргөн. Ички иштер министри Улан Ниязбеков таза шайлоону камсыздоо үчүн милиция бардык күч-аракетин жумшаарын билдирген. 

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңешке, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо болот. Бул өнөктүк менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да болот. Добушканаларда шайлоо жана референдум үчүн деп эки башка үкөк коюлуп, шайлоочуларга экиден бюллетень берилет. Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.