Жаңылыктар
Казакстанда террордук мүнөздөгү кылмыштарга жоопкерчилик күчөтүлөт
Дүйнө
Казакстанда террордук мүнөздөгү кылмыштарга жоопкерчилик күчөтүлөт

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети экстремисттик жана террордук мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоору иштелип чыкканы боюнча маалымат таратты. POST1RIGHT

Ага ылайык, террорчулук менен экстремизм боюнча күнөөлүү адамдын мал-мүлкүн милдеттүү түрдө конфискациялоо чарасы киргизилип жатат. Ал эми Казакстандын Ички иштер министрлиги чет өлкөгө согуштук аракеттерге катышуу үчүн чыгып кеткен адамдардан өлкө жарандыгын алуу зарылдыгын айтып чыкты. 

Эске сала кетсек, эки күн мурда Алматынын Алмалы райондук полиция бөлүмүнүн жанындагы атышуу алты адамдын өмүрүн алды. Кечээ жараат алган дагы бир полиция кызматкери ооруканада көз жумду.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118