Жаңылыктар
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды
Ден соолук
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

Алгач эмдөөдөн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өттү. Вакцина алуу милдеттүү эмес, ар бир жарандын каалоосуна жараша жасалат. Бирок 18 жашка чейинки жарандар эмделбейт. Эмдөөнүн биринчи этабы Бишкек, Ош, Кант шаарларында жана Сокулук районунда жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо министри жана анын орун басарлары эмдөөдөн өтүштү. Андан соң өз ыктыяры менен келген медицина кызматкерлерин эмдөө башталды. Ал ортодо, №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда кезек күткөндөр көбөйдү. Себеби эмдөөдөн өтүү - оорунун алдын алып, жакындарына вирус жуктуруудан коргойт - дешет дарыгерлер.

Эмдөөнүн биринчи этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер жана чек арада иштеген аскер адамдарынан кийин 65 жашка чейинки жарандар менен өнөкөт оорусу барлар эмделет. Эмдөө мажбурлоосуз, жарандардын макулдугу менен жүргүзүлөт. Бирок 18 жашка чейинки жарандар эмделбейт. Коронавируска каршы вакцина алган жаран 3 күн медициналык кызматкердин көзөмөлүндө болот.

Эмдөөгө Кытайдын “Синофарм” вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга алынып келинген. Илдетке каршы эмдөөдөн өткөн адамда адаттан тыш белгилер болсо, дарыгерге кайрылуу керек.