Жаңылыктар
Кылым карыткан кыргыз шырдагы
Маданият
Кылым карыткан кыргыз шырдагы

Бүгүн Нарын облусунун Ат-Башы районунда "Кыргыз шырдагы" фестивалы башталды. Анда уз айымдардын колунан жаралган шырдактар сынга коюлуп, мыктылары тандалат. 

Ошондой эле, фестивальдын алкагында шырдак жасоо боюнча мастер-класс, "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак" эски шырдактардын кароо-сынагы, "Жаңыл апа" наамындагы "Жаш уздарды тандоо" сынагы, көл өнөрчүлөрдүн жарманкеси, улуттук тамак-аштардын жарманкеси, "Улуттук каада-салттар" маданий программасы, кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү көрсөтүлөт. 

"Кыргыз шырдагы" фестивалы 6 жылдан бери Теңир-Тоодо өткөрүлүп келет. Эске салсак, шырдак жана ала кийиз ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесинде.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118