Жаңылыктар
Бишкекте добуш сатып алууга байланыштуу фактылар териштирилүүдө
Шайлоо 2023
Бишкекте добуш сатып алууга байланыштуу фактылар териштирилүүдө

Үч партияга карата жакын арада чечим кабыл алынат. Ушул тапта, шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу кайрылууларды кабыл алган атайын ыкчам топтор иштеп жатат. Добуш бериле турган күнү коомдук коопсуздукту 11 миң тартип сакчысы камсыз кылат.

Учурда үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан Бишкек шаарында бир катар мыйзам бузуулар аныкталганы кабарланууда. Добуш сатып алуу фактылары кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүп жатат. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы анын жыйынтыгына жараша чечим кабыл алат.

Жергиликтүү кеңештерге карата шайлоодо жалпы өлкө боюнча 30 миңдей талапкер катталган. Буга чейин бир да талапкер жарыштан четтетиле элек. Өз каалоосу менен гана баш тарткандар бар. Адатта эреже бузуулардын көпчүлүгү добуш бериле турган күнү орун алат. Шайлоодо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Учурда шайлоону уюштуруу мыйзамда каралган тартип менен жүрүп жатат. Маселен 27-мартта жарандардын добуш бере турган участкасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү аяктады.