Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча эки тараптуу жумушчу топ өз ишин баштады. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат берди. Эске салсак, өкмөт башчынын Өзбекстанга болгон сапарында ГЭС куруу маселеси каралып, аны каржылоого өзбек тарап даяр экендигин билдирген. Эми техникалык иликтөөлөр аяктаган соң, инвестициялык келишимдерге кол коюлат.
Эң чоң кубаттуулуктагы ГЭС куруу боюнча бир нече жылдан бери айтылып келе жатканы менен каражаттын тартыштыгынан өлкөдө Камбар-Ата бир жана эки ГЭСтерин куруу планы ишке ашпай келген. Жакындан бери ири долбоорду аягына чыгарууга өзбек тарап кызыкдар экени айтылып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.
ГЭС курулганча эки мамлекет бири-бирине электр энергиясын берүү боюнча макулдашты. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү минималдык нормадан да ылдый болгондуктан келерки жылга чейин жарык берүүдө көйгөй болбой тургандай аракеттер жасалууда.