Жаңылыктар
Кыргызстанга алгачкы ирет залалдуу шишик оорусун нур менен тездетип дарылоочу 2 жабдык алынып келинди
Ден соолук
Кыргызстанга алгачкы ирет залалдуу шишик оорусун нур менен тездетип дарылоочу 2 жабдык алынып келинди

Кыргызстанга алгачкы ирет залалдуу шишик оорусун нур менен тездетип дарылоочу 2 жабдык алынып келинди. Мамлекеттик деңгээлдеги маселе көтөрүлүп, 3 жыл мурда өкмөт "Кумтөр" кенинен түшкөн каражаттан 7 миллион доллар бөлгөн. Рак илдетинен каза тапкандардын санын азайтууга көмөкчү жабдуу менен дарылоо качан башталат?  

Көлөмү жана көрүнүшү жагынан да чырмалышкан техниканы элестеткен бул аппарат, жаңы жабдыктын негизги бөлүгү же баш мээси деп атасак болот. Татаал система аркылуу кынапталган техника адамдагы рак илдетин өзү таап, дарылайт.

Жабдыктардын дагы бир өзгөчөлүгү нур менен дарылоого жиберилген бейтап, бул жерден дароо компьютердик диагноз чыгаруучу томографиядан жана рентгенден өтө алат. Эгер буга чейин билинбей жана көрүнбөй калган дарт болсо, дал ушул жерден аныкталат.