Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу жаңы эрежелер боюнча иштөөгө даярданууда. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү жана атамекендик дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен өткөргөн көчмө жыйында айтылды.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, жогорку кирешелүү фармацевтикалык рынокто бардыгы эле эреже боюнча иш алып барбайт. Максималдуу киреше алууга умтулган «күңүрт» схема боюнча иштөөгө аракеттенген белгилүү ташуучулар бар. Болбосо жарандар Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү дары-дармектерге карата баалардын ажырымына нааразы болмок эмес.
Дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоо боюнча талаптарды жөнөкөйлөштүрүп, Европа, Россия жана башка өлкөлөрдөгү жүгүртүүдөгү дары-дармектерди таануу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү керек. Дары-дармектерге карата бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү абзел.