Президент Садыр Жапаров кол койгон буйруктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду.
Кол коюлган буйруктарга ылайык:
— Кирешеев Нурлан Исабекович Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Ибраев Акылбек Омукеевич Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Карасартов Алмазбек Оганович Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Тердикбаев Эрлис Жекшенович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды;
— Мукамбетов Руслан Мустафаевич Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.
Мындан сырткары, Мамлекет башчысынын кол койгон буйругуна ылайык, Чомоев Нурлан Нуридинович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.