Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда 1…6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -1° сууктан…+4° жылукулукка чейин, тоолуу райондордо -3…-8 ° суук болушу күтүлөт.