Жаңылыктар
УКМК: Баткен облусунда контрабандалык жол менен жүктөлгөн 19 тонна помидор табылып алынды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Баткен облусунда контрабандалык жол менен жүктөлгөн 19 тонна помидор табылып алынды

УКМК тарабынан «Шоро» май куюучу жайынын кампасы тинтүүнүн жыйынтыгында, кампанын аймагында Кыргызстандын жарандары Р.С.Х. таандык «Volvo» чиркегичи менен жүк ташуучу автоунаа жана К.А.Р таандык болгон «Mercedes-Atego» автоунааларынан, коңшу өлкөнүн жарандары А.А. жана С.М. таандык контрабандалык жол менен жүктөлгөн 19 тонна помидорлор табылып алынды.

Кармалган адамдар Баткен райондук ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда унаанын айдоочуларына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча алардын аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

Аталган иштин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда бул иш боюнча фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.