Бишкек шаарынын Ленин районунда кечээ, 29-март күнү саат 09:15те Дэн Сяопин проспектиси менен Б.Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жааган жаандын кесепетинен жолдогу суулар ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган.
Жерине ӨКМнин №6 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, кум толтурулган каптар менен жээгин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун жоюшкан.