Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 5 киши жаракат алды
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 5 киши жаракат алды

Чүй облусунун Жайыл районунда 29-март күнү саат 12:46 чакырымында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында "Камаз-Вахтовка" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 1981-жылы туулган аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында турган ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары  жана тез жардам кызматы тартылган. Жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышкан. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып беришкен.