Жаңылыктар
Бир күндө коронавируска каршы 100 киши эмдөөдөн өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бир күндө коронавируска каршы 100 киши эмдөөдөн өттү

Бир күндө коронавируска каршы 100 киши эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

29-мартта өлкөдө Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналив эмделди. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. 

Эмдөөлөр ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Биринчи кезекте медицина кызматкерлери, аскер адамдары эмдөөдөн өтүүдө. Вакцинациялоо алгач, Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда жүргүзүлүүдө.