1-апрелден баштап Баткен облусунда "Коопсуздук - 2021" машыгуулары өтөт. Ага байланыштуу үч күн бою Баткен шаарына жана районуна коменданттык саат киргизилет.
Иш-чара Бужум айылында өткөрүлөт. Ага облустагы күч структураларынын 600гө жакын кызматкерлери катышып, 100дөн ашык ар кандай аскердик техникалар болот. Машыгуу күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блокпосттор коюлат.
Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө облус аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барышат. Машыгуу жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпайт.