Жаңылыктар
“Брисбен Роуд” стадиону төрт тарабынан турак жайлар менен курчалган. Жашоочулар беттештерди балкондон же үйдүн терезесинен көрүшөт
Спорт
 “Брисбен Роуд” стадиону төрт тарабынан турак жайлар менен курчалган. Жашоочулар беттештерди балкондон же үйдүн терезесинен көрүшөт

Көпчүлүгүбүз бул сүрөттү "Чыныгы күйөрмандын кыялы" деген сыяктуу жазуу же комментарий менен көргөнбүз.

Бул стадион Лондондун чыгышында жайгашкан.

“Брисбен Роуд” стадиону 1937-жылы курулуп, ошол убакыттан бери 1881-жылы негизделген  “Лейтон Ориент” футболдук клубунун үй стадиону болуп келет. Учурда алар экинчи англис лигасынын турнирдик таблицасынын ортосунда турушат. Бул англис лигасынын системасындагы төртүнчү эң маанилүү дивизион болуп саналат.

Башында бул жөнөкөй жана кичинекей эле стадион болгон.

Бирок 2006-жылы үч жаңы трибунаны курууга каражат табуу үчүн клубдун жетекчилиги бурчтагы жер тилкелерин курулушчуларга сатышкан, алар өз кезегинде бул жерге тез арада турак жайларды тургузушкан.

Маалым болгондой, курулуш аяктагандан кийин, бул үйлөрдүн дээрлик бардык батирлери бир заматта сатылып кеткен.

Үйлөрдүн жашоочулары беттеш күндөрү оюнду көрүү үчүн туугандарын жана досторун чакырышат.

Батирлерин күнүмдүк ижарага бергендер дагы бар. Мисалы, “Лейтондун” күйөрмандар тобу карантин учурунда турак жай табуу боюнча арыз аркылуу ушул үйдөн батир алып, өз командасын колдошкон.

Учурда стадиондо 9059 орун гана бар.

Бул жерден батир сатып алган адамдар,өмүр бою VIP-орундуктарды да алды десек туура болот.