Бишкек — Ош унаа жолунда оодарылган аскер унаасынын ичинде ырчы НурЧолпон, кыякчы Залина Касымова дагы болгон.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-март күнү түштүк регионундагы аскер бөлүктөрүнө концерт койгону бараткан чыгармачыл топ Жайыл районунун аймагында кырсыкка кабылган. Генералдык штаб мунун кесепетинен бир аскер кызматкери жеринде мерт болгонун тастыктаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саат 12:46 чамасында "КамАЗ-Вахтовка" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай оодарылып кеткенин билдирген.
"Кырсыктан 40 жаштагы аял каза болуп, беш адам ар кандай жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана Тез жардам кызматы тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан набыт болгон аял Сокулук маданият үйүнүн директору, Генералдык штабдын аскердик оркестрлеринин биринде иштеген Нурзат Ажыгожоева экени белгилүү болду. Жакындарынын айтымында, ал Кыргыз улуттук консерваториясын бүткөн. Артында үч баласы калды.
Жаракат алгандардын арасында кыякчы Залина Касымова менен ырчы Бурулча Турарбек кызы да бар.