Жаңылыктар
Жаныш Кулманбетов жана жаш режиссер Уланмырза Карыпбаевге сыйлык тапшырылды
Маданият
Жаныш Кулманбетов жана жаш режиссер Уланмырза Карыпбаевге сыйлык тапшырылды

Театр күнүн майрамдоонун алкагында Сарман Асанбеков жана Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлыктар биринчи жолу тапшырылды.

Сыйлык "Сарман Асанбеков" атындагы жана "Маданиятты жана искусствону колдоо" фонду жана Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзу тарабынан негизделген. Сарман Асанбеков атындагы сыйлыкты театр сынчысына жана искусство таануучуга берилет. Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлык жаш режиссерлорго тапшырылат.

Сарман Асанбеков атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты белгилүү театр сынчысы Жаныш Кулманбетов, ал эми жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев, Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты болду.

Сыйлык үч жылда бир берилет. Лауреатка диплом, лауреаттын медалы, ошондой эле акчалай сыйлыктар тапшырылат.