Жаңылыктар
Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстанга келет
Спорт
Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстанга келет

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти, дзюдо боюнча 7-дан кара курдун ээси Мариус Визер мырза Кыргызстанга келет. 

Ошондой эле, делегациянын курамында Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи келет.

Иш сапардын негизги максаты - Борбор Азиядагы дзюдонун өнүгүшү жана 2021-жылы Кыргызстанда өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын жана Кыргыз дзюдо академиясында ачылышына катышуу болуп эсептелет. 

Белгилей кетсек, делегация Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин чакыруусу менен келет.

Маалымат үчүн:

Эл аралык дзюдо федерациясы (англ. International Judo Federation, IJF) 1951-жылы июль айында түзүлгөн.

IJFтин баш кеңсеси Венгриянын Будапешт шаарында жайгашкан.