Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга карата күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы 5-апрелден тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
11-апрель күнү коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Өлкөдөгү 2 миң 435 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти камсыз кылуу максатында 4 миңден ашык милиция кызматкери бекитилген. Мындан сырткары жарандардын коопсуздугун камсыздоодо 6 миңден ашык элдик кошуун ички иштер органдарынын кызматкерлерине көмөк көрсөтөт.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна мыйзам бузуу боюнча 31 маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу координациялык топтун жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Айтымында, катталган мыйзам бузуулардын катарында шайлоочунун укугун бузуу, сатып алуу, административдик ресурс колдонуу, коркутуу жана кысым көрсөтүү, үгүттөөнүн эрежесин бузуу, шайлоо кампаниясын каржылоо маселесин бузуу өңдүү маалыматтар бар.
Алардын айрымдары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Келип түшкөн 12 маалымат боюнча фактылар далилденген эмес. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталган, алар боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул маалыматтар шайлоочулардан, массалык маалымат каражаттарынан жана коомдук уюмдардан келген.