Жаңылыктар
Бишкек шаардык прокуратурасы 95 млн 361 миң сомду түзгөн мүлктү мамлекеттин менчигине кайтарды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык прокуратурасы 95 млн 361 миң сомду түзгөн мүлктү мамлекеттин менчигине кайтарды

Бишкек шаардык прокуратурасы жалпы баасы 95 миллион 361 миң сомду түзгөн мүлктү мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул туурасында Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, борбор калаанын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан комплекстин биринчи кабатынын жана жер төлөсүндөгү 353,8 чарчы метрлик объект, ошондой эле 1650 чарчы метрлик жер тилкеси мамлекетке өттү. 

Текшерүүдө аныкталгандай, Мамлекеттик мүлк фонду өкмөттүн буйругунун негизинде колдонулуп жаткан мүлк комплексинин астындагы 2,1 гектар жер тилкесин жеке жаранга берүү жөнүндө негизсиз чечим чыгарган. Андан ары аталган объектиге тиешелүү бүтүмдөр мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы менен Биринчи май райондук прокуратурасы өкмөттүн тескемесин, Мамлекеттик мүлк фондунун буйругун, Бишкек мэриясынын токтомун, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жана андан кийин түзүлгөн бүтүмдөрдү мыйзамсыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылган.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын доо арыздары толугу менен канааттандырылган. Ал эми 23-мартта жогоруда аталган мүлк жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине алынган.