Жаңылыктар
Олимпиадага жолдомо үчүн Махмудов, Шаршенбеков күрөшөт
Спорт
Олимпиадага жолдомо үчүн Махмудов, Шаршенбеков күрөшөт

Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрель күндөрү өтө турган спорттук күрөш боюнча лицензиялык турнирге кайсы балбандар катышары белгилүү болду.  

Грек-рим күрөшү боюнча балбандарды тизмеси:

60 кг: Жоламан Шаршенбеков

67 кг: Марлен Асикеев

77 кг: Акжол Махмудов

97 кг: Үзүр Жусупбеков

130 кг: Роман Ким

Эркин күрөш боюнча балбандардын тизмеси:

57 кг: Бекболот Мырзаназар уулу

65 кг: Эрназар Акматалиев

74 кг: Догдурбек уулу Эламан

86 кг: Нуртилек Карыпбаев

97 кг: Сымбат Сулайманов

125 кг: Айаал Лазарев

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

57 кг: Назира Марсбек кызы

68 кг: Мээрим Жуманазарова

76 кг: Айпери Медет кызы  

Белгилей кетсек, кыргызстандык алты спортчуда Жапонияда өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо бар.

Алар – балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, жеңил атлетчилер Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая жана суучул Дениш Петрашов.