Жаңылыктар
COVID менен өткөн бир жыл. Дүйнөнүн 114 өлкөсүнүн билим берүү министрлери онлайн кеңешме өткөрүштү
Кыргызстан жаңылыктары
COVID менен өткөн бир жыл. Дүйнөнүн 114 өлкөсүнүн билим берүү министрлери онлайн кеңешме өткөрүштү

"COVID менен өткөн бир жыл: бүгүнкү муун үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча приоритет" деген темадагы онлайн кеңешме өттү. Ага өлкөнүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты. Дүйнөнүн 114 өлкөсүнүн билим берүү министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн кеңешме ЮНЕСКО тарабынан уюштурулду.

Анын максаты - билимге, фактыга негизделген жана билим берүү уюмдарынын ишин калыбына келтирүү процессин түзүү үчүн өз ара аракеттешүү жана кызматташуу менен бышыкталган тажрыйба алмашуу. Кеңешмеде министрлер COVID-19 пандемиясынын шарттарында жалпы билим берүүчү мекемелерде окуу процессин жана аралыктан окутуу форматын уюштуруу тажрыйбаларын бөлүшүштү. Анда өлкөнүн билим берүү министри өлкөдө билим берүү контенти онлайн форматка которулганын, 7 миңден ашуун видеосабак даярдалып, ырааттама боюнча эки мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлгөнүнө токтолду. 

Ошондой эле, кыргыз өкмөтү өлкө боюнча билим берүү мекемелерин жабуу тууралуу жалпы буйрук чыгаруудан баш тартканын, анын ордуна өлкө жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга жараша окуу процессин токтото туруу тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бергенин белгиледи.