Жаңылыктар
Жаш акындар арасында “Жаш толкун” аттуу поэзия конкурсу старт алды
Маданият
Жаш акындар арасында “Жаш толкун” аттуу поэзия конкурсу старт алды

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Кыргыз Республикасынын  Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте жаш акындар арасында “Жаш толкун”  поэзия конкурсуна сынак жарыялайт.

Конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки акындар катыша алышат. Байге фонду – 200 000 сом: 

Гран-при – 100 000 сом

1-орун – 50 000 сом

2-орун – 30 000 сом

3-орун – 20 000 сом

Конкурстук арыздар электрондук (fond.tursunbekov@gmail.com) жана кагаз түрүндө жиберилиши шарт. Фонддун  дареги: Бишкек шаары Кулиев 2, почта индекси 720010.Сурап билүү үчүн телефон: 0312 658-658, 0554 53-54-85. Конкурстун жобосу жана шарттары менен Улуттук жазуучулар союзунун сайтынан таанышсаныздар болот.

Сайттын ссылкасы http://adabiyat.kg